Депутат Сулайманов Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы

"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы. Ал мындай пикирин бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Сулайманов алгач Конституцияны өзгөртүү керекпи деген маселе боюнча анализ жүргүзгөн.

"Конституцияны өзгөртүү дайыма бийликтин рычагдарын күчтөндүрүү максатында жасалып келген, натыйжада өлкөдө 2 революция болду. 2010-жылы болгон элдик референдумда кыргыз эли парламенттик башкарууну тандоо менен карапайым калктын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт деп эл өкүлдөрүнө чоң ишеним артышкан. Ошондуктан элдин тандоосун сыйлоо зарыл. Эгер Баш мыйзамды өзгөртүү керек болсо, анда эл карапайым калктын жашоосун жакшыртууга багытталышы керек. Азыр элдин тынчтыгы, өлкөнүн стабилдүүлүгү башкы орунда. Ал эми ошол тынчтыктын, стабилдүүлүктүн пайдубалы - биздин Конституциябыз", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал Конституцияны өзгөртүү керек дегендерге кайрылып, элди жок жерден дүрбөтүүнүн кереги жок экенин белгиледи.

"Мындан башка чече турган башка көйгөйлөр толтура. Баш мыйзамды өзгөртөбүз деп убакытты коротуу кажет эмес. Конституцияны өзгөртүүдөн мурда азыркысын толук кандуу иштетүү абзел", - дейт Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан