Кыргыз өлкөсүнүн 3 шаарында алгачкы жолу программалык форматтагы бюджет иштелип чыкты

Жалал-Абад, Каракол жана Кара-Балта шаарларында бюджеттин коомдук талкуусу болуп өттү. Экономика, коммуналдык кызматы, айлана-чөйрөнү коргоо, маданият, спорт жана билим берүү жаатында шаарларды өнүктүрүү программасын жергиликтүү бийлик коомчулукка көрсөттү. Иш-чара уюштуруучулары болуп шаарлардын мэрлери, аларга "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу алдында ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде жарандарды программалык бюджеттөөгө эффективдүү киргизүү тажрыйбасын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында техникалык колдоону Борбор Азиядагы Евразия фонду (БАЕФ) менен Саясат жана өнүктүрүү институтунун колдоосу алдында өттү.

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси 2017-жылы күчүнө кирди. Ал документте жергиликтүү башкаруу органдары бюджетти программа форматында иштеп чыгууга милдеттендирилет. Бирок бул талапты аткаруунун так жана анык эрежеси жок эле. Мына ошондуктан жергиликтүү бийликке жардам берүү үчүн ушул долбоор ишке киргизилип жатат.

Программалык бюджеттөө жарандар менен жергиликтүү кеңештин тыгыз иштөөсү аркылуу шаарларды өнүктүрүп, коомчулук менен жергиликтүү кеңеш жана бийликти көзөмөлгө алуунун мыкты аспабы болуп, жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына коомдук мониторинг жасоого жардам берет.

БАЕФтин программалык менеджери Бермет Туйбаеванын айтымында, коомдук талкуулардын максаты – 2019-жылга карата шаар бюджети жана 2019-2021-жылдарына карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы менен программалык форматта тааныштыруу.

"Бул биздин долбоорго чекит койду. Максатыбыз – жергиликтүү деңгээлде программалык бюджетке коомчулукту тартуунун мыкты тажрыйбасын таркатуу эле. Биз жергиликтүү бийликке стратегиялык документтерди иштеп чыгууда жарандарды да тартуунун аспаптарын бердик. Жарандардын муктаждыктарын эске алуу менен ар бир шаарда көйгөйлүү маселелерди жана багыттарды аныктадык. Кийинки баскычта биздин адистерибиз мэрияларга программалык бюджетти иштеп чыгууга жардам берди", – дейт Бермет Туйбаева.

Ар бир шаарда өткөн коомдук талкууга мэрлер, жергиликтүү бийлик, шаардык кеңеш өкүлдөрү, тургундар жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

Долбоор серепчиси Чыңгыз Бексултановдун айтымында, программалык бюджеттин негизги артыкчылыгы – мэриянын ишин көзөмөлгө алып, ал бюджеттин каражаттарын эмнеге сарптап атканын байкаса болот.

"Бюджеттин каражаттары эмнеге королуп жатканын гана байкабастан, мэрия кандай жыйынтыктарга жетишкенин да көрсө болот. Бюджет кабыл алынса, мэрия аны аткарып, баяндама берип турууга милдеттүү болот. Программалык бюджет шаардыктарга түшүнүктүү болот, себеби баарыбыз эле бюджет чыгымдарына анализ бере албайбыз да", – дейт серепчи.

Ал эми шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы стратегиялык документ болуп эсептелинет да, ал жакынкы үч жылдын ичинде ар бир шаардын өнүгүү багытын аныктап берет. Мына ушул документ Каракол, Жалал-Абад жана Кара-Балта шаарларынын азыркы жана болочок бюджеттерине негиз болуп берет.

Талкуу учурунда шаардыктар бийлик өкүлдөрүнө түздөн-түз суроо берүү мүмкүнчүлүгүн алды. Негизинен шаарды жакшыртуу, инфратүзүм жана социалдык тармакка байланыштуу суроолор берилди.

Жакында үч шаардын бюджетин жергиликтүү кеңештер карап чыгат. Эгер бул документтер кабыл алынып калса, анда шаарлар Кыргыз өлкөсүндө биринчилерден болуп муну ишке ашыргандардан болот. Жалал-Абад, Каракол мене Кара-Балта башка шаарлар жана айыл өкмөттөрүнө үлгү болуп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан