Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеӊеште ар кандай маселелер каралып жаткан учурда билим берүү жайларындагы чечилбей келе жаткан маселелер өкмөттүн астына коюлду.
Анда Сокулук районундагы Асылбаш айылынын Биримкулов мектебинин жылытуучу батареялары жарылып, окутуу үзгүлтүккө учураганын кабарлаган депутат Максат Сабиров аткаруу бийлигин мектепте түзүлгөн кырдаалга көӊүл буруп коюусун өтүндү.
Ал эми депутат Тариэль Жоробеков үстүбүздөгү окуу жылында 5-6-класстын окуучулары айрым сабактарды китепсиз эле окуп жаткандыгына токтолуп, тиешелүү министрликтен бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү талап кылды.
Аламүдүн районундагы Мыкан айылындагы мектепте жогорку класстын окуучулары коӊшу ГЭС-3 чөлкөмүндөгү мектепке барып келип окуй турганын депутат Закир Шарапов билдирди.
"Айыл тургундары жаӊы мектепке муктажбыз деп кайрылып жатышат. Бул көйгөйдөн сырткары Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын курулушу дале бүтпөй жатат", - деди Шарапов.
Депутат Уланбек Примов Алай районунун Жаӊы-Алай айылындагы мектепте окуучулар көмүрдүн исине ууланган окуяга токтолду. Ал технологиянын кылымында мектептер көмүр менен жылытылып жаткандыгын айтып, маселени комплекстүү чечүү зарылдыгын белгиледи.
Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылында 800 окуучуга ылайыкташкан мектепте 1200 окуучу окуп жатканын депутат Бактыбек Турусбеков айтып чыкты. Аталган айылга жаӊы мектепти быйыл бүткөрүп берүүнү аткаруу бийлигине жолдоду.