Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.
Аталган жыйында депутат Алмазбек Токторов жарандыгы жок кишилерди депортациялоо жолу кандай экенин Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук комитетинен жана Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнөн сурады.
Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов жарандыгы жок адамдар сот жоопкерчилигине тартылбай турганын белгиледи.
"Жарандыгы жок адам сот жоопкерчилигине тартылбайт. Бүгүн сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жарандыгы аныкталган, соттун чечими чыккан кишилерди өлкө аймагынан чыгаруу боюнча сөз болуп жатат", - деди Шерипов.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу менен, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун да жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сунуш кылынып жаткан мыйзам ишке кирсе, мамлекеттик бюджеттен кошумча 400 миӊ сом талап кылынат. Азыркы учурда Кыргыз мамлекетинде жаза аткаруу жайларында 360 чет өлкөлүк жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болду. 2018-жылы өлкө чегинен мыйзам талаптарын бузган 368 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар оор эмес, жеӊил-желпи эле кылмыш жасаган чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салуу мөөнөтүн азайтуу, чет өлкөлүк эмгек мигранттарына салынган төлөмдү көтөрүү, жаза аткаруу мекемелеринде жаткан чет өлкөлүк жарандарды бекер багып отурбай, алардан тезинен кутулуунун кандайдыр бир жолун табуу зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, чек арадагы чыр-чатактар менен пара алуулар, аткезчилердин үлүшүнө отуруу жосундары тууралуу Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук комитетинин дарегине бир топ ачуу сындар айтылды. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан чек арада түзүлгөн кырдаалды тезинен жөнгө салуу, мыйзам бузган кызматкерлерге карата тезинен катуу чараларды көрүү тапшырмасы берилди.