АКШда аба ырайы -53 градуска чейин төмөндөп, Түндүк уюлдан дагы суук болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, суук Дакота штатынан баштап Мэн штатына чейин болууда. Мындай сууктан сактануу үчүн терең дем албоо жана аз сүйлөшүү сунушталууда. Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүүсүнөн улам 2457 аба каттамы, 1360 темир жол каттамы, коомдук транспорттор, мамлекеттик мекемелер жана мектепте окутуулар токтотулган. Учурда сууктан 7 адам жабыр тартканы айтылууда.
Мындай суук аба ырайы 1985-жылы Чикагодо катталып, -53 градуска чейин жеткен.
Чикаго штатынын полиция кызматкерлери көчөдө тапанча менен тоноолор көп болуп жаткандыгын кабарлашкан. Учурда тоноочулар арасында баасы миң долларды чапчыган курткаларга чабуул көп болууда.
АКШдагы катуу сууктан улам Чикагодо темир жол каттамы үзгүлтүккө учурабоосу үчүн рельстерди өрттөп жатышат.
АКШда канчалык деңгээлде суук болуп жаткандыгын төмөнкү видеолордон байкоого болот.
Сууктан улам Нью-Йорк штатындагы Ниагара шаркыратмасынын айрым бөлүгү тоңуп калган. Бул көрүнүш туристтердин суктануусун арттырууда. Төмөндөгү видеодо Ниагара шаркыратмасынын күндүзгү жана түнкү көрүнүшү.