Кыргыз улуттук курама командасынын дагы бир оюнчусу чет элдик футбол лигасына өттү

Кыргыз улуттук курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун жарым коргоочусу Азиз Сыдыков Ирандын командасына өттү. Бул тууралуу "Дордой" клубунун маалымат катчысы билдирди.

Азиз Сыдыков ижара иретинде ирандык "Санат Нафт Абадан" футболдук клубуна өттү. Аталган команда Перс булуңунун Лигасында оюн алып барат. Келишимде ижаранын мөөнөтү 5 айга көрсөтүлгөн.

Азиз Сыдыков "Дордой" футболдук клубунда ойноп келген. БАЭде өткөн Азия Кубогунда Сыдыков 4 беттешке катышып, айырмаланган эмес.

Буга чейин "Дордой" футболдук клубунан коргоочу Тамирлан Козубаев Малайзиянын футболдук клубуна өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан