Депутат Исхак Масалиев: "Төрага Дастанбек Жумабеков Асылбек Жээнбековдун алдында жүгүнүп койду, аны мен ачык айтам"

Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгында Чынар Капарова көп добуш алды. Жыйынга бир талапкер келбегени үчүн ага добуш берилбегенин вице-спикер Аида Касымалиева токтом кабыл алынгандан кийин гана депутаттарга айтты. Бир нече депутаттар муну менен регламент бузулганын айтып чыгышты. Кийин биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш беришти. Бирок жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңеши боюнча өзүнүн чечимин бир нече саатта кайра өзгөрттү. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодогу бул окуя Жогорку Кеңештин кадырына кандай таасир этти?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

Ал КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо коомчулукта терс пикир пайда болгонун айтты.

“Түшкө чейин 79 депутат бир талапкерге добуш берип, түштөн кийин башкача болуп кетти. Бирок шайлоонун табияты ушундай. Биз деле шайлоого барганда күткөн добушубузду ала албай калабыз. Кечээги маселе боюнча башынан эле процедура бузулган болчу. Буга толугу менен кошулам. Мындай шайлабашыбыз керек болчу. Жеке өзүм башынан аягына чейин бир кишиге добуш бердим. Ошондуктан мен уяла турганга негиз жок. Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева башында шашып кетип, 5 талапкердин төртөөнө гана добуш берилип калган. Ошол себептен биринчи добуш берүү жокко чыгарылып, кайрадан коюлду. Бул негизинен туура эле. Ал эми 14 депутаттын пикири эмне себептен экинчи добуш берүүдө өзгөрүп кеткенин билбейм. Асылбек Жээнбеков келип сунуш бергенде дароо төрага Дастанбек Жумабеков добушка койду. Төрага Асылбек Жээнбековдун алдында жүгүнүп койду. Аны мен ачык айтам. Ушул эле сунушту Жээнбековго чейин мен деле бергем. Менден башка Садык Шер-Нияз деле ушул сунушту айткан. Эмнеге төрага ошондо добушка койгон эмес? Ал эми президенттин иниси сунуш бергенден кийин добушка койгону төрага өзүнүн мүнөзүн көрсөткөн деп эсептөө керек. Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар башынан аягына чейин бири-бирин үгүттөгөн иштер жүргүзүлдү. Аны жашыруунун кажети жок”, - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер Абды Сатаров, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан