Кытайда ата-энеси баласын сатып, акчасын бөлүп алышкан

Кытайда жаш жубайлар 2 жаштагы баласын сатып, акчасын бөлүп алышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, 2 жаштагы Хаону ата-энеси чоң ата жана чоң энесинин колунан алып кеткенден кийин ортодогу байланыш үзүлөт. Небересинин дайынын билүү максатында алар полиция кызматкерлерине кайрылат. Ошондо гана Хаонун ата-энеси ажырашып кеткенден кийин аны белгисиз адамдарга 120 миң юанга (1 миллион 284 миң сомго) сатып жибергени белгилүү болгон. Ал эми алган акчаны алар бөлүп алышкан.

Бактыга жараша, полиция кызматкерлери Хаону аман-эсен табышкан. Хаону Анхай шаарында балалуу боло албаган жубайлар сатып алышкан. Учурда баласын багуу жоопкерчилигинен качкан ата-эне изделүүдө.

Кытайда аялдарды жана балдарды сатуу боюнча шектелген адамдар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок кылмыш ишине жараша сот аларга карата өмүр бою эркинен ажыратуу же өлүм жазасына буюрган өкүм да чыгарышы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tursunbaev78
2019-02-01 13:49:57
Кытайдын акчасы дагы сомбу
-3
souza.j
2019-02-01 13:54:22
tursunbaev78,юань
-1
tursunbaev78
2019-02-01 18:55:08
souza.j,билем,сом деп жазганына,тамашалап жазып койдум
-1
kechirmeni
2019-02-01 14:57:42
tursunbaev78,Сомго айландырып анан айтса керек
+3
BEKU.NUKU
2019-02-01 22:01:37
Ушундай да болобу,тобоо:-O
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан