Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Эрнист Батырканов Словакиянын футболдук клубуна өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Дордой" футболдук клубу кабарлады.
Улуттук кураманын жана "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу учурда Словакиянын "Спартак Трнава" футболдук клубунда кароодо жүрөт. Аталган клуб бүгүнкү күндө Түркиянын Анталия шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.
Бул окуу-машыгуу жыйындардын аягында Эрнист Батырканов "Спартак Трнава" клубуна өтүшү мүмкүн.
Буга чейин белгилүү болгондой, "Дордой" жана Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчулары Азиз Сыдыков жана Тамирлан Козубаев чет элдик футболдук клубдарга өтүшкөн.