Ырчы Джоннинин бир тууган агасы Нарынбек Маанаевдин 4,5 жаштагы уулу Нуриман операцияга муктаж. Анын омуртка, жамбаш жана бут сөөктөрү жабыркагандыктан баса албайт.
“Кош бойлуу кезимде дарыгерлер баламдын оорукчан болуп төрөлө турганын айтып, аны алдырып салууну сунушташкан. Бирок мен уулумду андайга кыя алган жокмун”, - дейт Нуримандын апасы Айсулуу Маанаева.
Нуриманга операция жасоого жергиликтүү медицинанын даремети жетпегендиктен Түркиядан жасатууга туура келет. Ал үчүн 30 миң АКШ доллары керектелет.
Кичинекей наристенин тагдыры тууралуу видеорепортаждан көрүп, кайдыгер карабагандар төмөндөгү реквизиттер аркылуу жардам беришсе болот.
Элсом: 0702 55 55 41
Банктык эсеп: 41714012618