Facebook Inc. 2018-жылдын отчётун жарыялагандан кийин фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг бир суткада 6,2 миллиард долларга байыганы белгилүү болду. Муну менен ал жер жүзүндөгү эң бай адамдардын тизмесинде бешинчи орунга көтөрүлгөн. Бул тууралуу маалыматты Bloomberg агенттиги жарыялады.
Маалым болгондой, компаниянын кирешеси 39 пайызга (22,1 миллиард) жогорулаган. Алып-сатуудагы пайданын көлөмү 55,8 миллиардга жеткен. Мындай маалыматтар жарыялангандан кийин компаниянын акциялары 11 пайызга кымбаттаган. Bloomberg агенттиги Фейсбукка байланыштуу жаңжалдар көп чыкканына карабай компаниянын кирешеси көбөйүп жатканын белгилейт. 34 жаштагы Марк Цукербергдин байлыгы 65,6 миллиард долларга бааланат.