Москвада метродо рельске кулап түшүп каза болгон Кыргыз жарандын жакындары суракка алынып жатат

Москвада метродо рельске кулап түшүп каза болгон 16 жаштагы Кыргыз жарандын жакындары учурда Тергөө комитети тарабынан суралып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов кабарлады.

"Рельске кулап түшүп каза болгон 16 жаштагы Б.Асановдун жакындары Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкармалыгы тарабынан суракка алынып жатат. Сөөктү Кыргыз жерине жөнөтүү маселеси каралып жаткан, бирок ал азырынча чечиле элек", - деп айтты Кошматов.

16 жаштагы Б.Асанов аттуу Кыргыз жараны 1-февраль күнү "Сходненская" станциясында рельстердин ортосуна кулап кеткен. Асановдун кырсыктан баш сөөгү жабыркап, сан сөөгү сынган жана денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Дароо ооруканага жеткирилип, бирок жандандыруу бөлүмдө көз жумган.

Маркум Б.Асанов Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында 2003-жылы туулган. Алар үй-бүлөсү менен Москвада жашап жатышкан. Ал 4 бир туугандын экинчиси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
warcaw
2019-02-04 15:50:35
Эмне болуп кулап түшкөн ошону билиш керек
+8
Kgda
2019-02-04 16:23:30
Мен коп эле жолу айтам жакын барбагыла поезд журуучу жолго деп, жок барып коруш керекта ал жакта эмне бар экен деп, 3 метр бэриректе эле кутуп тургула жан талашпай. Метро келгенде успет этесинер отурганга биринчи ичиндегилер чыгат анан киресинер. Качан адам болосунар озу.
+13
Mamiev
2019-02-04 17:00:23
Kgda,адам эмес айбан болуп жүрүшөт да е элдер. Бир аз ой жүгүртүп жазсан боло. Сен айтканды элдин баары эле билет акылдуу болбой маркумга жакшы бата кылып койсоң. Балким бир оорусу кармап калгандыр же башка себептер бардыр. Ар бир жашоо мунотубуз бир Алланын колунда. Биз бул жакта туруп алып акыл уйротконубуз менен пайда чыкпайт
+11
bond
2019-02-04 20:29:42
Mamiev,туура эле айтып жатат сактанганды Алла таала сактайт. Коопсуздук эрежелерин сактоо керек.
+4
Azatbek.Svoboda.
2019-02-04 22:00:12
bond,Ичеер суун короор кунун буткон болсо сен айткан эреже сактай албайт. Бир гана Жараткан билет эмне болушубузду!
+3
JaneEr
2019-02-05 01:00:29
Туртуп жибериши мумкун...Нацисттер коп.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан