Бир нече Европа өлкөлөрү өзүн президент деп жарыялаган Венесуэладагы оппозициянын лидери Хуан Гуайдону расмий түрдө тааныды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Германиянын тышкы иштер министри Хайко Мас Гуайдону таза шайлоо үчүн жоопкерчилик алуучу президенттин милдетин аткаруучу деп атаган.
"Мен Евро биримдиктин таза шайлоо өткөрүү чакырыгына Николас Мадуронун кулак салбаганы үчүн өкүнөм. Германия үчүн Хуан Гуайдо - Венесуэланын Конституциясына каршы келбеген, өлкөдө ачык-айкын, таза шайлоо өткөрүү милдетин алган убактылуу президенттин милдетин аткаруучу", - деп билдирген Мас.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан да өлкө бийлиги Гуайдону легитимдүү президент катары тааный турганын жарыялаган.
"Венесуэлада башкаруунун президенттик формасы колдонулгандыктан кризистен президенттик шайлоонун жардамы аркылуу чыгуу керек. Биз шайлоону уюштуруу үчүн өлкөнү убактылуу башкарып турууга Хуан Гуайдонун толук укугу бар деп эсептейбиз", - деген министр.
Мындан сырткары Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Улуу Британиянын жана Австриянын тышкы иштер министрлери Жереми Ханс менен Себастьян Курц дагы Гуайдону өлкө башчысы катары тааный тургандыгы тууралуу жарыялаган.
Белгилей кетсек, Венесуэладагы экономикалык кризистен улам өлкөдө саясий толкундоолор башталып, 23-январда оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн өлкө президенти деп жарыялаган.