Францияда жигит жубайына арнап бикини буюртма берсе, ордуна алтын куймалар жана тыйындар келген

Франциянын түндүк-батышында жайгашкан Ван шаарынын 27 жаштагы тургуну жубайына арнап бикини буюртма берип, ордуна алтын куймалар жана тыйындарды алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жюльен Шаньо аттуу жигит интернет дүкөндөрдүн бири аркылуу жубайына арнап бикини буйрутма берген. Бирок ал анын ордуна 1900-жылдарга таандык алтын тыйындарды жана 20, 50 грамм салмактагы алтын куймаларды алган. Алгач буйрутманы алганда Жюльен Шаньо анын салмагына дагы маани бербегенин айткан. Ачканда гана алтынды көрүп, буюртмалар алмашып кеткендигин түшүнүп, дароо полиция кызматкерлерине кабар берген.

Маалым болгондой, алтын тыйын менен алтын куймалардын жалпы баасы 20 миң еврого бааланган. Көп өтпөй буюртма ээсинин аты туура эмес жазылгандыгы белгилүү болуп, кымбат баалуу буюртманын өз ээси табылган. Ал эми ак ниеттүү Жюльен Шаньо жубайына буюртма берген бикинини күтүп жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-02-05 13:35:19
Каап.
0
DNurgiza
2019-02-06 00:31:12
ЖАкшы болгон го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан