Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик бутактарынын биримдикте иштеши тууралуу пикири коомчулукта талкуу жаратты. Бийлик бутактарын бириктирүү мамлекет башчынын иши эместигин, Конституцияда да мамлекеттик бийлик бутактарынын бөлүнүшү тууралуу жазылганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Жарандык активисттердин арасында "Бийликтин үч бутагы достошуп, бир команда болуп калганы кооптуу, анда ал жерде мафия менен диктатура орун алат" деген пикирлер айтылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?" деген соболуна депутат Мыктыбек Абдылдаев жооп берди.
Эл өкүлү бардык бийлик бутагы мамлекет, эл үчүн биригип иштеп, жооп бериши керек деген пикирде.
"Бийликтин үч бутагы биригип иштеши керек деген туура сөз. Конституциянын 3-беренесинде негизги бийликтер ким тарапта экени жазылган. Ал жерде мамлекеттик бийлик жөнүндө түшүнүк бар. Баш мыйзамда 1-пунктунда белгиленгендей, Жогорку Кеңеш менен президентке эл тарабынан бийликтин үстөмдүгү берилген. Ушуну туура колдонушубуз керек. Андан кийин 2-пунктта мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү деп айтылат. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги, сот бийлиги деп бөлүштүрүлгөн. Ошондой болсо да президент институту Жогорку Кеңеш менен бийликтин бутагында тургандыктан биригип иштеши керек дегенди түшүнүү керек. Негизги жоопкерчилик эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш менен президентте турат. Бийлик бул эки институтка үстөмдүк катары берилген.Ушунун негизинде бардык бийлик бутагы мамлекет, эл үчүн биригип иштеп, жооп бериши керек. Ошондо туура болот", - дейт Абдылдаев.
Жогорку Кеңештин депутат Мирлан Бакиров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясий серепчи Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунованын жообу бул шилтемеде.