Саясий серепчи Марс Сариев: "Бийликтин үч бутагы биримдикте иштөө менен бирге бири-бирин көзөмөлдөп, балансты сактап турушу керек"

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик бутактарынын биримдикте иштеши тууралуу пикири коомчулукта талкуу жаратты. Бийлик бутактарын бириктирүү мамлекет башчынын иши эместигин, Конституцияда да мамлекеттик бийлик бутактарынын бөлүнүшү тууралуу жазылганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Жарандык активисттердин арасында "Бийликтин үч бутагы достошуп, бир команда болуп калганы кооптуу, анда ал жерде мафия менен диктатура орун алат" деген пикирлер айтылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?" деген соболуна саясий серепчи Марс Сариев жооп берди.

Ал азыркы күндө мамлекеттик аппарат, бийлик бутактары ыдырап жатканына токтолду.

"Бийликтин үч бутагы биримдикте иштеши керек, бирок бири-бирин көз карандысыз текшерип, көзөмөлдөп, баланстын сакталып турушу үчүн алар үч бутак болуп бөлүнүп жатат. Биримдикте иштөө да механизм болуп саналат. Азыр Жээнбековдун алгоритми - мурунку мамлекеттик кызматта иштегендерди чогултуп, ынтымакка чакырып жатат. Азыр бийликтин бутактары, мамлекеттик аппарат ыдырап жатпайбы. Систем жок. Премьерди бир нече жолу алмаштырып жатып азыр экономика, өндүрүш тармагы токтоп калды. Мамлекеттик аппараттын ыдырап жатканын токтотуп, бир системге алып келейин деген аракети болушу керек", - деди Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Мирлан Бакиров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясий серепчи Марс Сариев, юрист Нурбек Токтакунов, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунованын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан