Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик бутактарынын биримдикте иштеши тууралуу пикири коомчулукта талкуу жаратты. Бийлик бутактарын бириктирүү мамлекет башчынын иши эместигин, Конституцияда да мамлекеттик бийлик бутактарынын бөлүнүшү тууралуу жазылганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Жарандык активисттердин арасында "Бийликтин үч бутагы достошуп, бир команда болуп калганы кооптуу, анда ал жерде мафия менен диктатура орун алат" деген пикирлер айтылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?" деген соболуна юрист Нурбек Токтакунов жооп берди.
Анын айтымында, бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштесе коррупция күч алат, мыйзам бир эле президент үчүн иштей баштайт.
"Жээнбековдун бул сөзү анын деңгээлин көрсөтүп койду. Бийлик бутактары бири-бири менен эриш-аркак эмес, бири-бирин тескеп, көзөмөлдөп, бири-биринин кылмыштарынын бетин ачып иштеши керек. Ошондо өлкөдө чындык орнойт, ошондо эл мыйзамдан коркуп баштайт. Укук коргоо органдары да бири-бирин көзөмөлдөп, тескеп турушу керек. Бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштесе, анда баары президентке эле баш ийип, бир эле адамдын алдында иш жасап калат. Мындай учурда коррупция күч алат. Себеби коррупциянын бети бийлик бутактары бири-бирин көзөмөлдөп, тескеп турганда ачылат. Президенттин “баары бири-бири менен биримдиктүү иштеши керек” деген сөзү – "баарың менин алдымда, мен үчүн иштегиле" деген эле сөз", - дейт Токтакунов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Мирлан Бакиров, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунованын жообу бул шилтемеде.