Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Конституцияда ар бир бийлик бутак өзүнчө көз карандысыз болуп иштеши керек деп жазылган"

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлик бутактарынын биримдикте иштеши тууралуу пикири коомчулукта талкуу жаратты. Бийлик бутактарын бириктирүү мамлекет башчынын иши эместигин, Конституцияда да мамлекеттик бийлик бутактарынын бөлүнүшү тууралуу жазылганын укук коргоочулар айтып чыгышты. Жарандык активисттердин арасында "Бийликтин үч бутагы достошуп, бир команда болуп калганы кооптуу, анда ал жерде мафия менен диктатура орун алат" деген пикирлер айтылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков "бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштеши керек" деди. Бийликтин 3 бутагынын биримдикте иштеши бир адамдын бийлигин күчөтүп, тең салмактуулукту жоготпойбу?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.

Ал үч бийлик бутагы биримдикке келишсе баары бир адамга баш ийип калуу коркунучу бар экенин айтты.

"Конституцияда ар бир бийлик бутагы өзүнчө көз карандысыз болуп иштеши керек деп жазылган. Ошондо гана демократиялык процесстер жүрөт. Эгерде баары тең бири-бирине көз карандысыз болуп, бир гана мыйзамга, Конституцияга таянып иштешсе, анда демократиялык процесстер жакшы жүрүп кетмек. Тилекке каршы, баары бир адамга же бир бийлик бутагына баш ийип калууда. Президент "бардык бийликтин бутактары биригиш керек" дейт, бирок алар эч качан бирикпейт, себеби бул нерсе Конституцияда так жазылган. Булардын баары көз карандысыз болушу керек. Биримдикке келишсе да мыйзам жолунда иштеши зарыл. Учурда бардык бийлик бутактары биригип калганы үчүн адам укуктары бузулууда. Демократиялык процесстер болбой, реформалар да болбой жатат. Себеби сот прокурорго баш ийип, прокурор УКМКга, ал эми УКМК өлкө башчысына баш ийип калууда", - дейт Ошурахунова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Мирлан Бакиров экс-депутат Равшан Жээнбеков, юрист Нурбек Токтакунов, укук коргоочулар Рита Карасартованын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан