Жогорку Кеңештин комитетинде өнөр жай ишканаларынан сууга товар катары акы алууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Кечээ, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде өнөр жай ишканаларынан сууга товар катары акы алууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды.

Мыйзам долбоор аркылуу суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы белгилөө жана алуу тартиби, суу пайдалануучуларга жеӊилдиктерди берүү суу мыйзамдарына ылайык, өкмөт аныктаган тартипте жүргүзүлөрү белгиленүүдө. Ошондой эле айыл жергесиндегилерге же бак-дарак участкалары бар жарандарга, багбанчылык кылгандарга суу өкмөт аныктаган тартипте берилери каралып жатат.

Талкуунун жүрүшүндө суу боюнча 2 төлөм: бири - суу ресурсуна болгон төлөм, экинчиси – суу жеткирүү кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөм болору такталды. Суу өнөр жай тармагына пайдаланылган учурларда суудан товар катары акы алынат. Ал эми тургундар суу акысын төлөшпөйт, бирок аракеттеги мыйзамда белгиленгендей, сууну жеткирүүдөгү кызмат көрсөтүүгө акы төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
juma11anara
2019-02-05 08:40:26
Таза эле балээ болдуңар го жепжутаттар!
Таппасаң сыйпалап кал болуптур да бул жагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан