ЖЫЛНААМА, 5-ФЕВРАЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров 47 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Март айылында 1972-жылдын 5-февралында төрөлгөн.

Ал 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “экономист” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1994-жылы Жалал-Абад Коммерциялык институтунда окутуучу болуп иштөө менен баштаган.

1997-1998-жылдары Ош шаардык мэриясында башкы бухгалтер;

1998-2000-жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясында башкы адис;

2000-2001-жылдары Жалал-Абад облустук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

2001-2003-жылдары Жалал-Абад облусунун мамадминистрациясынын бөлүм башчысы;

2003-2004-жылдары Базар-Коргон районунун мамадминистрациясынын аким-башчысынын орун басары;

2004-2006-жылдары Базар-Коргон районунун мамадминистрациясынын аким-башчысынын биринчи орун басары;

2006-2007-жылдары Ош шаарындагы “Ак каz” (Арак заводу) ЖЧКсынын директору;

2007-2010-жылдары Кара-Балта шаарындагы “КСЗ” мамлекеттик ишканасынын директору;

2011-2012-жылдары Кара-Балта шаарындагы “Апроса” (Кара-Балта кант комбинаты) АКсынын башкы директорунун орун басары;

2012-2015-жылдары Шопоков шаарчасындагы “Bear Beer” (пиво кайнатуучу завод) ЖАКсынын президенти, “КСДП” фракциясынан Кара-Балта шаарындагы шаардык кеңештин депутаты.

2016-жылдын 17-февралынан азыркы мезгилге чейин Жогорку Кеңештин депутаты. Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

5-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан