Таиландда карыя таштап кеткен кызын күтүп 10 жылдан бери жол жээгинде отурат

Таиланддагы аскер кызматкери социалдык тармактагы баракчасына Бангкокто таштап кеткен кызын күтүп жүргөн карыя тууралуу жазганын чет элдик басылмалар маалымдоодо. Анда жазылгандай, Порамет Мисомфоп аттуу аскер кызматкери 30-январь күнү шаардагы кафелердин биринен түштөнүү үчүн бара жатып ал адамды көрүп калган. Андан кийин көпкө чейин жолдун четинде жалгыз отурган карыяга көз салган. Ал адамдын чоо-жайын билүү үчүн ошол жердеги дүкөндөргө кирип, ал тууралуу маалыматтарды сураштыра баштаган.

Ага карыянын үй-жайы жок экенин, бир нече жылдан бери күн сайын ошол орунга келип отура берерин айтып беришкен.

"Мындан бир нече жыл мурун унаа айдаган кыз ушул жерге токтоп, карыяны түшүрүп кеткен. Карыянын өзүнүн айтымында, ал анын кызы, иштеп кайра келем деп айткан экен. Эртеси мен дүкөндү ачканы келсем карыя ошол ордунда отуруптур. Кызы ошол бойдон кайрылган эмес. Ал эми карыя кызын өтө сабырдуулук менен күтүп келет. Ал кызынын келишине ишенет, ага тамак-аш берип турам", - деген дүкөндүн ээси.

Ал эми аскер кызматкери өзү карыяга барып, жардам сунуштаганда ал, "кызым жакында келет, ал жакында кайтып келет", "Кайтып кел" деп өзүнчө күбүрөнүп койгон. Андан кийин ал карыянын сүрөтүн интернетке жарыялап коомчулуктан кызын табышууну өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
naku5555
2019-02-05 09:37:49
Байкуш карыя кызы ошол сүрөттү көрүп калаар.Сабыры күчтүү карыя экен.
+10
madina.87
2019-02-05 11:48:36
Келсе таппай калбасын дегени го.Кызы да бир боору таш нерсе окшойт!Атасын интернет аркылуу болсо да таап алсын эми....
+10
Kunbeken
2019-02-05 12:05:11
Ата-эненин сабырдуулугуна таазим
+7
ayko24
2019-02-05 12:50:15
эх журогум ооруп кетти, ата кызын кандай жакшы коруп чонойтсо керек
+6
Skarlett-Skarlett
2019-02-05 13:59:45
Ата-эненин мээриминен откон жакшы нерсе жок,козу барда сыйлайлы.
+6
a.d.i.l.e.t
2019-02-05 16:08:51
карыяга Аллах сабыр берип, кызын таап алсын.
+3
Busi06
2019-02-05 16:13:15
Бул суротту 1чи коруп эстелик экен депмин корсо живой турбайбы)
+3
Kgda
2019-02-05 16:24:45
Кызы тируу болсо экен эми. Ушунча кутуптур таап калса биз кубанат элек.
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-05 21:29:18
Ата мээрими ((
+2
Zulya2
2019-02-05 21:36:24
Эгер кызы таштап кеткени чын болсо , анда ал тируу эмеско, тируу болсо келмек.Буйум таштагандай атасын таштабайт болуш керек, кудай ай келип атасын кубантса экен....
+2
deva
2019-02-06 10:54:56
www.super.kg, эгер табышып калса сөзсүз маек алып койгулачы, э?
0
admin_portal
2019-02-06 12:25:37
deva, сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан