Тажикстанда туулган күнүнө досторун чакырып белгилеген ырчыга 500 доллар айып салынды

Тажикстандын Фируза Хафизова аттуу белгилүү ырчысы туулган күнүнө кесиптеш, досторун чакырып белгилегени үчүн 5 миң сомониге (500 доллар) айыпка жыгылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Анда жазылгандай, Дүйшөмбү шаарындагы райондук сот ырчыны "Салттарды жана майрамдарды иреттештирүү жөнүндөгү" мыйзамды бузган деп таап, ага айып салуу чечимин чыгарган. Ырчынын досторунун курчоосунда белгилеген туулган күнүнүн видеосу интернетке тарап, кийин телеканалдардан да көрсөтүлгөн. Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар туулган күнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн гана катышуусунда белгилей алат. Дос, кесиптеш дагы башка адамдарды чакырууга, мал союуга тыюу салынат.

Мындай мыйзам аталган өлкөдө 2007-жылы кабыл алынып, туулган күн, кечелерди, мектептеги майрамдарды, үйлөнүү тойлорду, адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүдө бир катар чектөөлөр киргизилген. Анын ичинде үйлөнүү той 3 саатка гана созулуусу керек деген да эрежелер камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aizira
2019-02-05 08:56:19
Эн сонун мыйзамдар экен бизде да ушундай болсо Гана. Азыр олум деле тойго барабар болуп калды
+13
baha123123
2019-02-05 09:02:30
aizira,оа эн сонун мыйзамдар бирок бизде кылышпайт мыйзам чыгарып кой сода элди эн биринчи психологиясын озгортуш керек
+5
Muratmipa
2019-02-05 12:17:45
baha123123,эн туура айтасын тукуруктой кылып шылдын кылышат ошону да
+3
Mamiev
2019-02-05 11:38:53
aizira,Бизге бул мыйзамды чыгарса эл дагы бир толкуйт нааразычылыктар көп болот. Тукурук мыйзамына эле канча болушту элдер.Тукурбосон эч ким ундобой мусор таштабай тукурбо сага эч ким тийишпейт. Кайдагы ак үйгө барып тукургон баланы мактап жатабыз баатыр деп.Ал эми тажиктердин мыйзамы бизде колдонсок болот эле эл көз карашын озгортуш керек.
+3
didu
2019-02-05 09:29:24
тажиктер Азамат кембагал менен бай бирдей откорот экен
+4
Nursbaike
2019-02-05 09:30:17
Мындай мыйзамдар чыгарганга депутаттардын башы жетпейт экинчиден чыккан тагдырда да ушундай мыйзам, биздин эл ызылдап оздорунчо акылдуу болуп Бир эки герой атайын майрамдап келип акчаны алып кет деп чыгат . Туура кандай эл болсо ошондой жетекчилер эч кейибегиле . Ар Ким озун ондосун мамлекетти суйлой бербей
+8
Umakg
2019-02-05 10:04:58
Мыйзам чыгарса бизде эл митинге чыгат чыдабайт мыйзамга баш ийиш керек биринчи
+7
COKE
2019-02-05 10:22:06
Жакшы мыйзам.
+4
Omush94
2019-02-05 14:38:16
Эң жакшы эң туура мыйзам бизге да кк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан