Аты жаман илдет. 2040-жылы рак менен ооругандардын саны эки эсе өсөрү айтылды

2040-жылга карата рак илдети менен ооругандардын саны эки эсе өсөт. Мындай божомолду Германиянын Гейдельберг шаарындагы илим-изилдөө онкологиялык борборунун профессору Михаэль Бауманн айткан. Анын билдирүүсүн чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
"Ооба, тилекке каршы, биз акыркы он жыл ичинде дүйнө жүзүндө рак менен ооругандардын саны өтө тездик менен өсүп жатканын көрүп жатабыз. Ал эми 2040-жылга чейин бул көрсөткүч дагы 2 эсеге өсөт", - деген Бауманн. Профессордун айтымында, Германиянын өзүндө 2030-жылдарга карата рак илдети менен ооруган жаңы учурлар 600 миңге чейин жетет.
Айрым маалыматтар боюнча, 2018-жылы дүйнө боюнча 18 миллион адамга рак илдетинен жабыркайт деген диагноз коюлган. Ал эми бул илдеттен көз жумгандардын саны өткөн жыл ичинде 9 миллион 600 миңге жеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ice87
2019-02-05 11:08:49
Оозуна таш!
+3
zzari-83
2019-02-05 12:18:18
ice87,вот именно!Туура ,оозуна таш ...
0
nargiz94
2019-02-05 14:24:58
Аллахтан башка эч ким билбейт, "рак" дегенде денем титиреп кетет. Эч кимибиздин жакыныбыз рак мн оорубасынчы!!
+3
tynara81
2019-02-06 15:08:57
Себеби эмне экен. Алдын алса болбойт бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан