Көзү өткөн адамга наам берүү туурабы же жокпу? Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланды

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

“Буга чейин мыйзамда көзү өткөн инсандарга "Эл баатыры" наамын берүүгө тыюу салынган. Таза иштеген инсандарды барктоо керек. Алар өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өз салымын кошкон. Мына 2018-жылы 21-октябрда советтик коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгын белгиледик. Ошондо көп сунуш, ой-пикирлер айтылды. Жаңы толуктоолорго ылайык, "Кыргыз ССРнин Коммунисттик партияларынын биринчи катчыларына, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин төрагаларына, Кыргыз ССРнин министрлер кеңешинин төрагаларына "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү сунушталат", - деди баяндамачы Мирлан Бакиров.

"28 жыл аралыгында 31 премьер-министр алмашты. Алардын көзү өткөндө кандай болот? 15 жылдан кийин жаңы келген депутаттар кайра жаңы мыйзам жазышына туура келеби? 30 жыл өткөндөн кийин мамлекетти ким мамлекет кылганын билип жатабыз”, - деди депутат Исхак Масалиев.

Депутат Алтынбек Сулайманов көзү өтүп кеткен инсандарга наам берүүдө алардын өлкөгө кошкон салымын эске алуу туура экенин белгиледи.

"Советтер Союзу маалында баатырдык кылган инсандарга эле наамдар берилген. Мисалы, аскер кызматкерлерге, космонавттарга. Көзү өтүп кеткен, легенда болуп жүргөн инсандарга наам берүүнүн кереги барбы? Алар эл арасында баары бир баатыр", - деди депутат Кенжебек Бокоев.

Депутаттар тарабынан бир катар сын-пикирлер айтылгандан кийин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууга жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан