"МЕДИА-ПОРТАЛДЫН" "Элдик видео" бөлүмүнө "Өзбекстанда келин үлпөт тоюнда күйөөсүнөн жаакка жеди" аталышындагы видео жүктөлдү (ник: gul-jana2).
Интернеттеги маалыматтарга караганда, окуя Өзбекстанда болгону айтылат. Видео интернетке декабрь айынын аягында тарап, январь айында талкууга алынган. Анда жаш жубайлар бири-бирине таттуу торттон ооз тийгизип жатканы тартылган. Алгач жигит келинчегине торт жедирип, андан соң келиндин кезеги келгенде жолдошун тамашалап, тортту оозуна жеткирбей тартып алып, ойноп койгон. Буга ачууланган жолдошу келинди жаакка чаап жиберет. Келиндин артында турган отургучка отуруп калганына караганда жигиттин соккусу катуу эле болгонун баамдоого болот.
Интернет колдонуучулардын айрымдары жигитти колдоп комментарийлерди жазышкан. "Жаш келин болсо, анан күйөөсүн тамашалаганды эмне кылат? Ырас болуптур" дегендерге "Өзбекстанда аялга катаал мамиле жасалат. Тойдо тамашалап койсо эмне болуптур?" деген ойлор жазылган.