ИИМ: "Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн Калыбек Элтуйбасов АКШда миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн кармалды"

Калыбек Элтуйбасов АКШда миграция мыйзамдарын бузуп кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 5-февралда ИИМдин 2018-жылы аткарылган иштери боюнча берип жаткан маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Анын айтымында, Элтуйбасовду учурда Кыргыз жерине өткөрүп алуу иштери жүрүп жатат.

"Киши колдуу каза болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн Калыбек Элтуйбасов АКШда миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн кармалды. Кармалган учурда Кыргыз өлкөсү тарабынан издөөдө жүргөнү маалым болгон. Азыр ага Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кыргыз жерине өткөрүп алуу боюнча Башкы прокуратура аркылуу кайрылдык”, - деди Каниметов.

Ал эми айрым журналисттер Элтуйбасов менен Дүйшөбаева чогуу барышкан деп айтылып жаткан мейманкананын ээсине тергөөчүлөр тарабынан коркутуу болуп жатканы боюнча суроо беришти. Бирок Каниметов бул маалыматтарды четке какты.

2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасовдун (Саляновдун) кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TalaCSKA
2019-02-05 11:26:13
Тиешеси жок болсо эмнеге качмак эле ?Бир мандеми бар да ошону учун качып журот да.саясаттагылардыкы эле жыргал кылмыш кылып койуп саясий кугунтук деп койуп журо беришет.
+5
AIA-TOO
2019-02-05 11:44:07
Бул ишти жаап эле салбайсыңарбы эркекче иштеп эркекче таба албагандан кийин.
+5
Nursbaike
2019-02-05 12:01:28
Чукуп таап жазалагыла эсимде анда интернет анча эмес эле аябай ызы чуу болгон . Тарабын алып элдин ызы чууга салчу болсо Аида эжекебиз аны да ордуна койгула Баарын мыйзам чечет кысып кыйын болбой аралаша бербесин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан