Шашылыш билдирүү! Айдоочулар, сак болгула кар көчкү түшүү коркунучу күтүлүүдө

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 5-февралдан 7-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга жана сапарга чыкчу жарандарга карата билдирүү таратты.

"Кар көчкү түшүү коркунучу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там, Каракол-Эңилчек ашууларында болууда. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан