Капиталдык курулуш башкармалыгы жолдорду оңдоо үчүн Бишкектеги 4 миңдей дарак кыйылышы мүмкүн экенин айтты

Жолдорду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкекте 4 миңдей дарак кыйылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкектеги Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Азыгалиев мэриянын пландык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жолдорду кеңейтип, заман талабына жооп берген абалга алып келиш үчүн аргасыздан мындай кадамдарга барууга туура келип жатат.

"Март айынан баштап жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталат. Оңдоп-түзөө иштеринин негизинде айрым көчөлөр кеңейтилип, жаңы арыктар салынат. Буга байланыштуу айрым бак-дарактарды кыюуга туура келет. Жолдордун заман талабына жооп бериши үчүн мындай кадамдарга барууга мажбурбуз. Бирок кыйылган дарактардын ордуна сөзсүз жаңы көчөттөр тигилет. Бул боюнча шаардык "Жашылдандыруу" ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", - деди Азыгалиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Жунусалиев көчөсүндө 312 түп дарак кыйылышы мүмкүн деген маалыматтар айтылып, шаардык мэрия аны четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан