Бир жылда жол кырсыгынан 80ден ашуун баланын өмүрү кыйылды

2018-жылы жол кырсыгынан 80ден ашуун баланын өмүрү кыйылып, 1500дөй бала ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев министрликтин 2018-жылда аткарган иши тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Министрдин айтымында, жашы жете электердин катышуусунда жалпы 1500 жол кырсыгы катталган.

"Бир жыл ичинде өлкө аймагында 6 миң жол кырсыгы катталган. Бул сан 2017-жылга салыштырмалуу 5,5 пайызга аз. Ал эми жол кырсыктарынан каза болгондордун саны 21 пайызга, жаракат алгандардын саны 4,2 пайызга азайган", - деди Жунушалиев.

Ал эми жалпы кылмыштардын саны 29 миң 718ге жеткенин кошумчалады. "26 миң 500дөн ашык кылмыш иш ИИМ тарабынан каттоого алынып, 19 миң 861инин бети ачылган. Катталган кылмыш иштерди иликтөөдө 24 миң 284 кылмыш иши ачылып, 16 миң 300дөй кылмыш иши иликтенип сотко жиберилген. Жалпысынан 19 миң 919 адамдын кылмыш жасаганы аныкталып, 13 миңден ашыгы жоопкерчиликке тартылган", - деди Жунушалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан