Эл аралык каржы донорлорунан 55 миллион доллар алынып, Ысык-Көлдөгү туристтик 5 базанын курулушуна жумшалат

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун долбооруна макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, долбоор - Борбор Азиядагы регионалдык жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы деп аталат.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун айтымында, макулдашуу долбооруна ылайык, алынган каражатка Түп-Кеген унаа жолунда жайгашкан "Каркыра" туристтик базасына чейинки 15 чакырым жол курулат.

"Каражаттын калган бөлүгү Жарандык авиация агенттигинин ишин жандандырууга жана Ысык-Көлдөгү 5 туристтик базанын курулушуна жумшалат", - дейт Бейшенов.

"Андан тышкары макулдашуу долбоорунда 55 миллион доллар каралганы, анын жарымы 0,75 пайыздуу жеӊилдетилген насыя болсо, калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналарын, ал 18 жылдык мөөнөткө берилип жатканы белгилүү болду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан