Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Орусиянын жараны деген жүйө менен мандатынан ажыратылганы маалымдалган. Кийин Экономикалык иштер боюнча район аралык соту ага мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарганын БШКдан кабарлашкан эле. Бирок БШК соттун чечимине макул болбой, Жогорку Сотко даттанган.
Бүгүн 5-февралда Жусупбек Коргонбай уулунун жактоочусу Эрик Ирискулбеков кандай негизде сот депутаттын пайдасына чечти деген суроого төмөнкүдөй жооп берди.
"Баш мыйзамдын 52-беренесинде жазылып турат, башка өлкөнүн жарандыгын алган адамга мамлекеттик-саясий кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынат деп. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаты - саясий-мамлекеттик кызматка кирбейт. Ал саясий-муниципалдык кызмат болуп жатат.
Мындан тышкары "Жарандык коргонуу жөнүндөгү" мыйзамда бул кызматка башка өлкөнүн да жарандыгын алган адамдар барууга тыюу салуу каралган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы эмнеге анын мандатын алып коюу сунушун колдоду, анткени алар 52-беренеге таянган. Ал жерде депутат болуп туруп башка өлкөнүн жарандыгын алса мандатынан ажыратылат деп жазылган. Бирок бул жергиликтүү кеңештин депутаттарына тиешелүү эмес.
Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарына да ушундай чек коёбуз десе мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Мындан тышкары биз текшерип чыктык, Жусупбек Коргонбай уулунун Орусиядан алган паспорту Орусиянын мыйзамы боюнча жараксыз деп табылды. Анткени ал туура эмес документтердин негизинде даярдалган", - дейт Ирискулбеков.
Жусупбек Коргонбай уулу "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун маалыматы боюнча, ал Орусиянын жарандыгын 2007-жылы алган. Муну Орусиянын Юстиция министрлиги тастыктаган.