"Манас" аэропортундагы бомба: 3 каттам кармалууда. Ал эми учуп келген жүргүнчүлөр учактын бортунда отурушат

"Манас" аэропортунда бомба бар деген маалыматтан улам каттамдар кармалууда. Маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы кабарлады.

Анын айтымында, 3 каттам учуу убактысынан кармалган.

"Саат 17:05ке пландалган Бишкек-Москва каттамындагы учак, 18:05ке пландалган Бишкек-Новосибирск каттамындагы учак жана 17:25те Оштон учуп келе турган Ош-Бишкек каттамындагы учак кармалууда. Ошондой эле Орусиянын Новосибирск шаарынан учуп келген учактагы жүргүнчүлөр борттон чыгарылбай, ошол жакта кармалууда", - деп билдирди басма сөз катчысы.

Буга чейин "Манас" аэропортунда бомба бар деген маалымат тарап, эл сыртка чыгарылган болчу. Ошондой эле аэропортко баруучу жол да тосулуп, унаалар өткөрүлбөй жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asdef
2019-02-05 17:59:01
Кайсы ХХХХ кылды экен бомба бар деп
+1
Samar90
2019-02-05 18:02:19
Зилалиев айпадыбы
+4
Nargiza1987k
2019-02-06 11:22:56
Колун сынып кана калса экен кайсы ХХХХ койуптур ХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан