Ирландиялык 37 жаштагы Элли Макдоннелл аттуу модель буга чейин Ireland AM аттуу телешоу берүүсүнө катышып, аутизмден жабыркаган балдардын укугун коргоп келген. Анын жансыз денесин өзүнүн интернет баракчасына билдирүү жазгандан кийин бир нече сааттан соң табышкан.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө бейтааныш эркек аны дайыма ар кандай жол менен шылдыңдап жүргөнүн, хейтердин бул кылганы анын кыжырын келтирип жатканын жазган.
"Эмнеге эркек аялды семиз, ырайы суук деп атайт? Чынында адамды жарга такоонун жаңы ыкмасы", - деп да жазган модель өзүнүн билдирүүсүндө.
Кийин анын ал адам менен жазышуусун текшеришкенде хейтерге өзүнүн дарегине карата айтылып жаткан кемсинткен сөздөрдү элге жарыялайм деп убада бергенин окушкан. Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Элли Макдоннеллдин жакындары аны шайыр, акылдуу аял катары гана билерин, жанын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.
Элли Макдоннелл 4 баланын апасы, ал балдарын жалгыз тарбиялап, көп убактысын балдары менен өткөргөндүгү жазылат маалыматта. Балдарынын улуусу 12 жашта болсо, кичүүсү 2 жашта. Эң кичүү баласынын дарыгерлер аутизм илдети менен ооругандыгын аныкташкандан кийин модель аутист балдардын укугун коргоо менен алектене баштаган.
"Ал балдарына абдан камкор эне болчу. Көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап, аутист балдарга колдон келген жардамын берчү. Бул биз үчүн чоң жоготуу", - деген "Ирландиядагы аутизм" уюмунун директору.