Депутат саламаттыкты сактоо министрине: "Мөөнөтү өткөн дарылар сатыкка коюлууда. Бул жаатта сизде маалымат жок экен"

"Эмне себептен Орусия, Казакстанда айрым дарылар биздегиге караганда 7-10 эсе арзан болуп жатат?, - деп бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева министрге суроо узатты.

"Бизде бааларды көзөмөлдөө боюнча долбоор коомдук талкууга жиберилүүдө. Эмне себептен Орусия менен Казакстанда дары арзан. Себеби, биринчиден, Орусияда келишимдер рубль валютасында гана түзүлөт. Бул жерде валютанын кунундагы айырма болуп калып жатат. Алар көп өлчөмдө алгандыктан компаниялар чоң арзандатууларды кылат. Казакстан да ири өлчөмдө буюртма жасайт. Азыркы тапта Улуттук маалыматтар базасын ишке киргизүү боюнча 1-этапты бүтүп жатабыз. Эгер бул көзөмөлдү ишке киргизсек электрондук систем менен чечебиз", - деди саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Депутат мөөнөтү өтүп кеткен, лицензиясы бүткөн дарылар сатыктан алынгандан кийин эмне болоруна кызыкты: "Ички эрежелер боюнча кандай процедуралар жүргүзүлөт. Айрым фактыларга караганда, силердин кызматкерлер мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды кайра эле сатыкка коюшат экен. Алардын айрымдарынын дарыканалары бар, тааныштары бар", - деди депутат.

Буга министр: "407-мыйзамга ылайык, сактоо мөөнөтү бүткөн дарылар алынып, соттун чечими менен жок кылынат. Аларды жок кылууда өзүнүн ыкмалары бар. Сактоо мөөнөтү бүткөн соң сатыкка коюлбайт. Инспекция тарабынан пландык жана пландык эмес текшерүүлөргө мораторий киргизилген. Азыркы күндө бул маселе жеке фармацевтикалык компаниялардын жоопкерчилигинде болууда", - деди.

"Сиз жободо кандай болушу керек деген нерсени айтып бердиңиз. Ал эми чынында андай эмес. Мөөнөтү өтсө кайра сатыкка коюлууда. Бул жаатында сизде маалымат жок экен. Өлкөдө 5-6 "аспирин падышасы" бар. Алар элдин, балдарыбыздын ден соолугунан байып кеткен. Алар дарыларды кымбаттатып сатып, байып кеткен адамдар", - деди депутат.

Учурда “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан