Бишкекте троллейбустар убактылуу токтоду

Бүгүн, 6-февралда №11, 14, 2, 9, 7-каттамдагы троллейбустар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, троллейбустардын токтошу Бишкек шаардык троллейбустар башкармалыгынын подстанциясында жаралган аварияга байланыштуу. Мындан улам учурда коомдук транспортту кыймылга келтирүү үчүн жеринде атайын кызматкерлер иштеп жатышканы жазылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия жалпы борбордун тургундарынан кечирим сураган.

Учурда троллейбустар Манас кең көчөсүндө, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин, ошондой эле Киев көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейин токтоп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sabette
2019-02-06 15:45:51
Кичине эле кар жааса ушул да бизде
0
trabzon11
2019-02-06 21:58:43
Sabette.Асан Кайгы боло бербечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан