Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Боспиек айылында көк бөрү оюну учурунда эки улакчы сүзүшүп, аттары өлүп калды. Бул тууралуу 6-февралда Аксы райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн дарыгери Мирлан Мазурбеков кабарлады.
"Биздин ооруканага оюнчулар саат 18:00 чамасында келип түшкөн. Алар көк бөрү оюну учурунда аттары менен сүзүшүп, экөөнүн тең баш мээси чайкалып, биринин колу сынган. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бир жума ичинде үйлөрүнө чыгарылат", - деди Мазурбеков.