Ысык-Көл облусунда катуу шамал катталып, мамлекеттик ишкананын чатыры зыянга учурады. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 6-февралда саат 16:00 чамасында Чолпон-Ата шаарында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталган.
"Шамалдын кесепетинен "Чолпон-Ата суу каналы" муниципалдык ишканасынын профнастил менен жабылган чатырынын 185 чарчы метрин учуруп кеткен. Учурда жеринде Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди ӨКМ.