Австралияда сулуулук салондогу адис таза эмес жабдууларды колдонуп, кардары 6 күндүн ичинде 5 ирет операция болгон

Австралиянын тургуну колуна маникюр жасатуу үчүн салонго барып, бармагынын учунан ажыраган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Стелла Фальконе аттуу айым сулуулук салондорунун бирине тырмагына кошумча көрк кошуу максатында барган. Бирок тырмак жасоочу адистин шалаакылыгынан улам Стелланын тырмагына инфекция кирип кетип, акыркы 6 күндүн ичинде 5 ирет операция болгон. Буга сулуулук салондогу жабдуулар таза болбогону себеп болгон.

Стелла Фальконе бул окуясы менен бөлүшкөн соң мындай кырдаалга туш болгон айымдардын саны көп экени аныкталган. Мисалы, Рита Павлис аттуу австралиялык айым маникюр жасатам деп бармагынын бир бөлүгүнөн ажыраганын айтып берген.

Ал эми салон ээси жабдуулардын тазалыгына өзгөчө көңүл бура турганын жана Стелла Фальконе бул окуяны ойлоп таап алгандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
souza.j
2019-02-06 21:50:40
Коомдук жайларда санитардык талап жок да. Документти сатып келип илип коюп жасай берет.
+1
binur5
2019-02-07 13:07:58
ошон учун тырмакты кооздоп бойобой эле койушса болот Аллах бербен нерсени да озгортуп олтуруп атабыз
+1
Angel92
2019-02-07 14:23:25
Стерильныйбы же жокбу текшербейт да.Биздикилер да бир иштеткен инструментин жууп экинчи клиентке иштете берет экен(копчулук).Эн негизгиси кардар да сурап койбой отура берет.Азыр грибоктон баштап,ВИЧ,гепатиттин турлору баары ушундан жугат.Мен озум ушул тармакта иштеген учун,биз маска,перчаткт такыр чечпейбиз и инструменттер бут этаптан отуп тазаланат(атайын раствордо 1 саат жатат,жууп кургатып атайын крафт пакетке салынып,180°1 саат болот.Тазаланганда индикатору курон болот.
+1
Angel92
2019-02-07 14:23:57
Маникюрга отурганда ушунун баарын сурагыла озунордун коопсуздук учун
0
Bekobala
2019-02-07 15:16:53
кыздарга сабак болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан