2002-жылы эфирге чыгып дүйнөнү дүңгүрөткөн, корей толкунунун жаратуучусу аталган "Кышкы соната" сериалынын уландысы тартылат. Бул тууралуу сериалды тарта турган компаниянын өкүлүнө шилтеме берип чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, сериалды тарткан компаниянын өкүлү жакын арада тартуу иштери башталарын айтканы менен, кайсы актёр жана актриса башкы ролду ойной турганы жөнүндө маалымат берген эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча "Уламыштар үйү" сериалын тарткан Ким Ёң Су режиссёрлук кылат.
"Кышкы сонатанын" сценарийин жазган Юн Ын Кёң менен Ким Ын Хи бул долбоордо да бирге иштей турганы айтылды.
Сериалдын баштапкы режиссёру Юн Сог Хо бул жолу тартуу иштерине катышууга макул болгон эмес. Буга "Кышкы сонатада" Санхёктун ролун аткарган актёр Пак Ён Ханын 2010-жылы өз өмүрүнө кол салып, көз жумганы себеп болгон.