Өкмөттө мектептердеги тамактанууну жакшыртуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешмени вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өткөрдү. Анын жүрүшүндө 2022-жылга чейин мектептердеги тамактанууну жакшыртуу оптимизациялоо боюнча Жол картасын кабыл алуу жана ысык тамак менен камтууну кеңейтүү маселелери каралды.
Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, мектептеги тамак-ашты жакшыртуу максатында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 2013-жылдын мартынан 2018-жылдын декабрына чейин республиканын 505 пилоттук мектебинде 2 миллион 200 миң доллардан ашык суммага заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары, 1 миллион 15000 миң доллардан ашык суммага 1,772 тонна байытылган ун жеткирилген.
"Бүгүнкү күндө өкмөт жогоруда аталган донорлордун техникалык жардамы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ата-энелер коомчулугунун күчү менен республиканын 2262 жалпы билим берүү мекемелеринин ичинен 1372 мектепте 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган. Биздин милдет – бардык мектептерде ысык тамак берүү үчүн шарттарды түзүү", - дейт вице-премьер-министр.