Германияда 37 жаштагы аял өз баласын ар түрдүү жолдор менен кыйнап, шакаба чегип жүргөндүгү аныкталган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Марвин мектептен келген учурда зөөкүр апасы ага кийимдин ордуна таштанды салуучу баштык жана медициналык бет кап кийгизип койчу. Ал тургай, жуунуучу бөлмөдө жуунууга да тыюу салып койгон. Даараткана катары чаканы пайдаланып, түнкүсүн жатчу төшөгү жок полдо уктаган. Үй-бүлөсү менен тамактанууга мүмкүндүк берилген эмес. Марвин ыйлаган учурда зөөкүр апасы колу менен бетин жаап алуусун талап кылчу. Себеби ал Марвинди көргөн сайын аларды таштап кеткен мурдагы күйөөсүн эстей берчү. Ал эми аял балага күч колдонуп жаткан учурда баланын 39 жаштагы өгөй атасы көрсө дагы көрмөксөнгө салып койчу.
"Бир ирет Марвиндин өгөй эжеси апасынын кезектеги ур-токмогун видеого тартып алат. Дал ушул видео полиция кызматкерлерине жетип, Марвиндин тозокко айланган жашоосуна чекит коюлат", - деп жазылат маалымат булактарында.
Кийинчерээк Марвиндин апасы менен психологдор иш алып барган соң ал бала чагында шылдыңдоого көп кабылганы жана кош бойлуу кезинде баланын атасы таштап кеткени маалым болгон.