Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынында депутат Кубанычбек Нурматов чет өлкөдөн "Жүк-200дү" Кыргыз жерине алып келүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу айтты. Ал мигранттардын сөөгүн кыргыз авиакомпаниялары алып келбей, орусиялык авиакомпаниялар кечки рейстерге гана алып жатышканын билдирди.
"Мигранттардын сөөгү 100 миң сомдон ашык каражатка келет. Өкмөт жардам катары 50 миң сомду маркумдун сөөгү жерге берилгенден кийин берип жатат. Орусиядагы элчилик юридикалык гана жардам берүүдө. Өкмөттөн бериле турган каражатты Орусиядагы элчиликке берүүнү карап чыгалы", - деди депутат.
Буга байланыштуу ал өкмөттүн токтомун кайра карап чыгууну сунуштады.