Депутат кызылчанын баасы түшүп, сапаты начарлап жатканына кабатырланды

Жылдан жылга кызылчанын баасы түшүп, сапаты да начарлап жатканын бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов билдирди.

"Өлкөдө "Кайыңды кант", "Кошой кант" заводдору бар. Жазгы талаа иштери башталганы жатат. Жылда эле себүү, айдоо иштери башталганда дайыма үрөн боюнча маселе көтөрүлүп келет. Күзүндө аны өткөрүү, анан жаздан тарта сатууда кызылчанын баасы боюнча көйгөйлөр жаралууда, баасы түшүп, жылдан жылга сапаты да начарлап баратат. Буга чейин дыйкандар 50-60 сомдон алса, быйыл көпчүлүгүнүн баасы 30 сомдон ашкан жок. Мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алсаңыздар", - деди Райымкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-Sumitra-
2019-02-07 11:26:12
Бир эле кызылча эмес бут баары арзан отпой жатат.Мисалы Ноокат районунда дыйканчылык,мал-чарба анан эн негизгиси алма кирешелуу болуп саналат.Жылда жакшы эле болчу алманын баасы.Быйыл алмалар арзан болуп сатылбай жатат.Тонналаган алмасы бар адамдар эми каяка сатат?Мына озбекстандын чек арасын ачканынардын зыяны элге эле тийип жатат.Эмнеге башка мамлекеттер менен суйлошуп ушул маселени чечпейсинер?Россиянын эле бир областы менен келишим тузсонор Кыргызстандын алмасы баары жетет болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан