2018-жылдагы киреше жана чыгашалар боюнча декларация кабыл алына баштады

2018-жылдагы киреше жана чыгашалар боюнча декларация кабыл алына баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Кезектеги декларациялык кампания 2 этапта өтмөкчү. 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар 2018-жылдагы кирешелери тууралуу салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Андан сырткары декларацияга жер участоктору, мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар камтылуусу керек.

"1-мартка чейин декларацияны ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен өлкө аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү. 1-апрелге чейин декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар тапшырат. Ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар да декларацияны тапшырууга милдеттүү", - деп билдиришти салык кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан