Айыл өкмөттөрүндөгү 1200 иш орундар бош турат, бирок ал орундарга сынактан өтө турган адам жок. Мындай маалыматты бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Анын айтымында, ал сынактардан өтүп иштей турган жаштар көп, бирок алардын айылга баргысы келбейт.
"Бүгүнкү күндө муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамды мамлекеттик кызматка бириктиргенибизге бир нече убакыт болду. Муниципалдык кызматкерлерде 1200 ваканттык орун бар экени туурабы? Ошондо азыркы учурда 453 айыл өкмөтүндө орточо эсеп менен үчтөн ваканттык орун бар экен да. Ал жерде өзүнүн штаттары болгону 10-15 адамдан турса, 12 адам иштейт, анан анын 3 оруну бош экен. Демек, ал жерде айлык аз. Бул маселени кантип чечебиз?" - дейт Бокоев.
Буга Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров: "Бул маселе боюнча биз анализдеп көрдүк, Айыл өкмөттөрүндө бир жыл ичинде орто эсеп менен 1200гө жакын ваканттык орундар бар. Бир эле мезгилде болуп жаткан жок, бир жылдык жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн.
2018-жылы айыл өкмөттөрдүн иштеп жаткан кенже муниципалдык кызматына тестирлөөнү киргиздик. Ал нерсе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кеңешип, анализдеп, мурда тестирлөөдө жалпы 15 мыйзам актылар болсо, учурда анын саны 5ке жеткирилген. Жалпы тестке катышкандар 50 пайыздык босогодон өткөнү бир топ көтөрүлдү. Мыйзам боюнча сынактан өтүп, ал кызмат ордуна адам келгиче убактылуу милдетин аткаруучу болуп штаттагы адам бекитилип турат", - деди ал.
Учурда Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.