Сагынбаев: "Кол тийбестиги алынса, көрсөтмөлөр берилсе Алмазбек Атамбаевге да кылмыш иши козголушу мүмкүн"

Бүгүн, 7-февралда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өткөрүп жаткан маалымат жыйында журналисттер тарабынан "Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүнбү?" деген суроо узатылды.

Сагынбаевдин жообуна ылайык, учурда бир катар аткаминерлер айыпталып жаткан кылмыш иштери бар. Айрымдары сотко өткөн.

"Соттук кароонун же кылмыш ишинин алкагында Атамбаевдин дарегине карата түз же кыйыр көрсөтмөлөр болсо жоопкерчиликке тартылат", - деди. Сагынбаев мындай жагдай экс-президенттин кол тийбестик макамы алынгандан кийин гана болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун сунушташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан