Өкмөт түкүрүк жөнүндө социалдык тармактагы талкуудан коркуп айып пулду 5 500 сомдон 1 000 сомго түшүргөнүн 7-февралда парламент комитетинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айтты.
"Чындыгында түкүрүк боюнча көп айтылды. Бул мыйзам жакшы иштеген жок. Бирок ага карабастан коомчулук бири-бирин аңдып, көзөмөлдөп калышты. Түкүрбөй калды, аз эле түкүрүп калды. Өкмөт "фейсбуктан" коркуп айып пулду 5 500 сомдон 1 000 сомго түшүрдү. Айрымдар бул жакшы нерсе деп айтып жатышат.
Менин оюмча, көйгөй айып пулдун көлөмүндө эмес. Биз да элди көндүрүшүбүз керек, маданияттуураак болуш керек. Жарнама кылып, үгүттөө керек. Ушул жаатта өкмөттүн жумушу көрүнбөй жатат.
Бир бала Ак Үйдүн жанына келип түкүрүп кетип, бул мыйзамды жарнамалап койду.
Мунун айланасында жакшы да, жаман да ой-пикирлер айтылды. Өкмөт эрктүү болушу керек, бул тартип жактан жакшы мыйзам. 1 000 сом болсо да ал мыйзам күчүнө кирген соң иштеши зарыл. Ар бир жаран ой келди түкүрүнө бербей, башкаларга да "бул биздин жерибиз, бирөө басып барып какырыгыңды үйүнө алып барат" деп айтышы керек", - деди Бекешев.
Учурда “Тартип бузуу жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.