Йеменде эки баш, бир денелүү сиам эгиздер төрөлдү

Йеменде денеси бир, бирок эки баштуу сиам эгиздер төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар Абдул-Халид жана Абдул-Рахимдин төрөлгөнүнө 2 жума болгон. Алардын баштары, омурткасы, өпкөсү, жүрөгү жана тамак сиңирүү органдары бөлөк. Ал эми боору, бөйрөктөрү, колдору жана буттары бир.

Йемен дарыгерлеринин айтымына караганда, ымыркайлар чет өлкөдө дарыланбаса тирүү калышпайт. Ошондуктан алар Бириккен улуттар уюмуна эгиз балдарды чет өлкөдө дарылануусун уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бирок балдардын 20 жаштагы атасы Акрам Али Ахмед операцияга каршы. Ал балдары чогуу болгон күндө гана тирүү калуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп эсептейт. Анкени биринин өмүрү үчүн экинчи уулун курмандыкка чалууну каалабайт.

"Мен эки уулумдун тең бир денеде калуусун каалайм. Кудай жөнөткөн нерсеге мен каршы чыга албайм", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
AIA-TOO
2019-02-07 23:05:27
Эки баштууларды төрөш өтө кыйын болсо керек. Кудай сакта.
+6
Skarlett-Skarlett
2019-02-07 23:34:56
Бала берсен да ден-соолугу,акылы менен бер Аллахым!
+25
Second
2019-02-08 00:47:49
Skarlett-Skarlett,
0
Umakg
2019-02-08 09:35:52
Кудайдын кудуреты экен эх кудай аркимге оз мучосу менен жарат баланы
+2
Aitik
2019-02-08 12:41:28
аллах деле ойлонбойбу?.. эмне пайда көрдү эми..аллахым
-7
KG.Kushtarbek
2019-02-08 13:00:14
Aitik,Аллах сени мени жараткан
+1
elmira.
2019-02-08 14:53:30
Aitik,бир тарабы кулкумду келтирдин
0
Batma08
2019-02-08 15:51:30
Ушуну коруп аллахка шугур кыл. Бул бир сыноо
0
Eliza1991
2019-02-08 16:33:15
Аллахка тообо келтиргиле. Бирин сулуу бирин майып, бирин оорулуу кылып озу каалагандай жаратат жана бул анын ата энесине жана жалпы элге сыноо. Балдардын омуру узуун болсун, ден-соолугу бекем болуп аман эсен чоноюшсун. Ата энесине куч кубат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан