Кечээ күндөн тартып социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүү мекемелеринин жетекчилери - аял кишилер менен бара жатып кол чатыр кармап жүргөндөгү сүрөттөрү интернетте талкууланууда. Маалым болгондой, президент 6-февралда Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барып, абал менен таанышкан. Ал учурду өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган.
Андан кийин интернет желесинде Жээнбековдун бул жүрүм-турумун мактагандардын саны көбөйүп алкап жатышты. Ошол эле учурда президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүүсү кадыресе эле көрүнүш болуш керек экенин, президент катары жасаган иштерине көңүл буруу маанилүү экенин жазгандар чыкты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президент кол чатырын өзү көтөргөнү өлкөнүн көтөрүлүшүнө канчалык таасирин тийгизет?" деген собол салды. Бул суроого Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жооп берип, президенттин кол чатырын өзү көтөргөнүн чоң иш жасагандай баалоо туура эмес экенин белгиледи.
"Президенттин кол чатырын өзү көтөрбөгөндө ким көтөрмөк эле? Ушундай эле көз карашта карасак туура болмок. Социалдык тармактарда анын кол чатыр көтөргөнүн алкап, талкуулап жаткандарга чынында таң калдым. Бул сөз кыла турган деле эпизод эмес да.
Эгерде президент 10 миң же макул, 1000 киши иштеген заводду курдуруп, ошонун ачылышына барып жакшы кептерин айтса анда мактоого алсак болот эле. Ошондо анын "пиарчылары" чыгып алып пиар кылса болот эле. Мен ал кишини жакшы билген адам катары айтайын, ага мындай пиардын кереги жок, ага карабастан жанында жүргөн адамдар анын аброюна шек келтире турган ушундай майда-чүйдө иштерди жасап жатышат.
Маселен, кечээ президент билим берүү багытында, физика, математика предметтери боюнча окутууну күчөтүү тууралуу жакшы пикирлерди айтты. Буга эч ким маани берген жок. "Мен кыйын, мен алдыңкы интеллигентмин" деп аны курчап жүргөн адамдар ушундай иштерге барып, анын аброюна шек келтиргенине өкүнөм.
Чет мамлекеттерде кол чатыр көтөрмөк тургай, жумушуна жөө, коомдук транспорт менен барып келген жетекчилер бар экенин билебиз. Биз үчүн да өлкө башчынын кол чатыр көтөргөнү кадыресе көрүнүш болушу керек", - дейт Осмоналиев.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева, депутат Сайдулла Нышанов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин жооптору бул шилтемеде.