Асия Сасыкбаева: "Жээнбеков Атамбаев кетирген каталарды оңдоп, саясий куугунтук менен камакта отургандарды чыгарса көп элдин көңүлүн бурмак"

Кечээ күндөн тартып социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүү мекемелеринин жетекчилери - аял кишилер менен бара жатып кол чатыр кармап жүргөндөгү сүрөттөрү интернетте талкууланууда. Маалым болгондой, президент 6-февралда Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барып, абал менен таанышкан. Ал учурду өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган.

Андан кийин интернет желесинде Жээнбековдун бул жүрүм-турумун мактагандардын саны көбөйүп алкап жатышты. Ошол эле учурда президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүүсү кадыресе эле көрүнүш болуш керек экенин, президент катары жасаган иштерине көңүл буруу маанилүү экенин жазгандар чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президент кол чатырын өзү көтөргөнү өлкөнүн көтөрүлүшүнө канчалык таасирин тийгизет?" деген собол салды. Суроого жооп алуу үчүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаевага кайрылганыбызда төмөнкүдөй оюн айтты. Анын пикиринде президенттин кол чатырын көтөрүп жүргөн сүрөтүн башкаларга үлгү болсун деген жүйөө менен жарыялашкан.

"Анткени өлкөдөгү кээ бир депутат, министр жана башка бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн мансабына чиренип кол чатырын да көтөрбөй калган. Ошол нерседен улам өлкө башчынын бул сүрөтү элдин көңүлүн бурду.

Бирок, албетте, президенттин негизги милдети - элге кызмат кылуу, ошол кызматын канчалык жемиштүү кылды деген маселе болуш керек. Ошол эле кезде Жээнбеков бир кезде өзү жанында жүргөн, жаман иштерге барбай турганын билген эле адамдар саясий куугунтук менен түрмөдө жатат. Алардын күнөөсүз экенин билсе да унчукпай, түрмөдөн чыгарбай жатат. Андан көрө Атамбаев кетирген каталарды оңдоп, саясий куугунтук менен камакта отургандарды чыгарса социалдык тармактагы гана эмес, жалпы элдин көңүлүн бурмак. Азыр эми алардын тагдырына балта чапкандай эле болуп калып жатат да", - дейт Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев, депутат Сайдулла Нышанов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин жооптору бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан